Премьер-министр Сапар Исаков спорттук күрөш боюнча Азия Чемпионатынын жыйынтыгы менен спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады

6 Чын куран, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия Чемпионатынын жыйынтыгы менен өзгөчөлөнгөн спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлады.

Өкмөт башчы спортчуларды ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүктөрү үчүн куттуктап жана алардын жетишкендиктери атамекендик спорттун потенциалы тууралуу кабар берерин белгиледи.

Премьер-министр белгилелегендей өлкөнүн тарыхында грек-римдик стилдеги балбандар Азия чемпионатында командалык эсепте алгач биринчи орунду алганы – бүткүл республика үчүн сыймык.

Сапар Исаковдун айтымында массалык спортту өнүктүрүүгө, коомчулукка денисак жашоо образын жайылтууга мындан ары дагы Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурулат.

Ал дагы бир жолу «Жаны доорго – кырк кадам» Өкмөттүк программасынын багыттарынын бири атамекендик спортту мындан ары дагы өнүктүрүү болуп эсептелерин белгиледи.

Премьер-министр спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчу жана алардын машыктыруучуларына чын ден соолук, жаңы спорттук ийгилиликтерди каалап, аларга өкмөттүк сыйлыктарды тартуулап, акчалай сыйлык берди.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

                               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын

                          коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү