ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сапар Исаков Апрель элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чараларына катышты

7 Чын куран, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-апрелде, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык тактасына жана 2002-жылы Аксы окуяларында, ошондой эле 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуяларында каза тапкандарды эскерүү монументтерине гүл коюу иш-чараларына катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

 

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын

 коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү