Премьер-министр Сапар Исаков банк жетекчилери менен өрт кырсыгынан жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

16 Чын куран, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 16-апрелде, коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы келип чыккан өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерге көмөк көрсөтүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.

Премьер-министр жарандарга көимөк көрсөтүүдө күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде, кредиттер бьоюнча үстөктөрдү төлөөнү кийинки мөөнөткө жылдыруу, пайыздарды эсептөө мөөнөтүн жылдыруу, ошондой эле жабыркаган ишкерлерге кредит берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун катышуучулары жабыркагандарга көмөк көрсөтүүгө жана колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү