Айбек Айдарбеков КР Аппарат жетекчисинин орун басары, КР ЕАЭБдеги өкүлү, Өкмөт Аппаратынын эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

16 Чын куран, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Айдарбеков Айбек Акматбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  эл аралык кызматташтык жана интеграция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү