Асанова Меерихан Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды

17 Чын куран, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Асанова Меерихан Мийзамовна Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү