Сапар Исаков: 2017-жылдын негизги жыйынтыгы – туруктуу экономикалык өсүштү сактоо болду

17 Чын куран, 2018

2017-жылдын негизги жыйынтыгы – туруктуу экономикалык өсүштү сактоо болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

«2017-жылы экономикалык өсүш 4,6%ды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1%га ашты. Мында ИДП 521 млрд сомду түздү. Андан тышкары, калктын жан башына ИДП 1178ден 1272 АКШ долларына чейин өсүп, 8%дан ашты», – деди Өкмөт башчы.
Ал белгилегендей, экономикалык өсүштү экономиканын бардык секторлору камсыз кылды. Анын негизги драйверлери болуп төмөнку нерселер саналат:
- өнөр жай секторундагы реалдуу өсүш – 11,5%га,
- металлургияда – 3,3%га,
- электр энергиясында – 10,1%га,
- тамак-аш продукциясында 15,3%га чыкты.
«Айыл чарбадагы өсүш 2,2%га жетти. Анда: айыл чарба продукциясын өндүрүү – 2 %га жана өсүмдүк өстүрүү – 2,5%га көбөйдү”, – деди Премьер-министр.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү