Премьер-министр Сапар Исаков: Ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгышы үчүн пландуу финансылык жактан колдоолор көрсөтүлүп жатат

17 Чын куран, 2018

Узак мөөнөттүү кредит алуудагы чектөөлөр – бизнес үчүн негизги проблемалардын бири. Буга байланыштуу ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгышы үчүн дайыма пландуу финансылык жактан колдоолор көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде,  Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

Премьер-министрдин айтымында ишкердикти колдоо максатында өлкөнүн Өкмөтү тарабынан төмөндөгү иштер аткарылды:

- «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоору ишке ашырылды. 15 миң товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген кредит берилди. Бул 2016-жылга салыштырганда 1,8 млрд сомго көптүк кылат (38%) жана кредит алган товар өндүрүүчүлөр 2 миңге көбөйдү (15%);

- экспортко багытталган ишканаларга кредитти 10% менен алууга мүмкүндүк берилди. 2017-жылы 1,2 млрд сомго 93 долбоор каржыланды;

- айыл чарбасында 363 техника лизингге берилди, жалпы суммасы 530 млн сомду түздү. Бул 2020-жылга чейин 24 машина-трактордук станцияны  (МТС) ачууга шарт түздү;

- «Чакан ишкердик субъекттерди микро каржылоо» программасы бекитилди. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду 24 ай мөөнөт менен 700 млн сомго жакын акчаны микрокредитке берди. Пайыздык ставкасы 14%, же микрофинансылык уюмдардын орточо алынган проценттик ставкаларынан эки эсеге төмөн болду;

- Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду 2017-жылдын аягында 823 долбоорду жактырды.  Жалпы суммасы – 311 млн долл.

- Гарантиялык фонд 2017-жылы 234 долбоорго кепилдик берди, жалпы суммасы – 250 млн сом.

Бизнес жүргүзүү шарттарын жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Өкмөт бир топ иштерди аткарды.

Салык жана инвестициялык саясат жагында бир катар иштер аткарылды:

- дотацияда турган райондордо жаңы ачылган ишканаларга жеңилдиктер берилди;

- акциздик маркаларды контролдоо багытында депозиттик төлөм механизми киргизилди;

- лизингдик компаниялар КНСтен, сатуудан алынуучу салыктан бошотулду, пайдадан алынган салыктан 5%га жеңилдик алышты;

- мектептик билим берүүчү менчик уюмдар КНСтен жана пайдадан алынган салыктан бошотулду;

- кайра иштетүүчүлөр үчүн пайдадан алынган салыкка жана КНСке берилген жеңилдиктер 1-сентябрга чейин узартылды;

- тамекинин акциздик салыгы 2022-жылга чейин көбөйтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын аймагына данды жана унду ташып киргизүүнү / сатууну КНСтен бошотууну алып салдык;

- салыктык процедураларды фискалдаштыруунун электрондук системасы иштегени турат;

- Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулатылды. Эми Агенттик – инвестициялык долбоорлорду  башынан баштап, аягына чейин чыгарат (“под ключ”). Бул инвесторлордун проблемаларын ыкчам чечүүгө жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жол ачат;

- 10 жылдын аралыгында инвесторго эң ыңгайлуу салык режимин тандоо укугун берүүчү Стабилдештирүү режимин колдонуу жөнүндө жобо бекитилди.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү