2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 27%га көбөйдү

17 Чын куран, 2018

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 27%га көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.
«Белгилеп кетчү нерсе – 2017-жылы тышкы экономикалык сооданын көлөмү 12,5%га өстү. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун өсүү темпи үчүнчү өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла тез темп менен жогорулап баратат. Алсак, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 27%га, ал эми үчүнчү өлкөлөргө – 8,6%га көбөйгөн», – деп белгиледи Өкмөт башчы.
Атамекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана экспортко багытталган ишканаларды фискалдык жактан стимул берүү тышкы сооданын көрсөткүчтөрүндө оң натыйжаларды көрсөттү.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү