2018-жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 1,3 % түзгөн

17 Чын куран, 2018

Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүштүн реалдуу көрсөткүчү 1,3 % түзгөн. Бул туурасында бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Өкмөттүн 2017-жыл үчүн ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берүүдө билдирди.

«2018-жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 1,3%ды түздү, Кумтөр кенин кошпогондо – 2,9 % болду. Инфляциянын деңгээли төмөн болуп, 1,1%ды түздү. 2018-жылдын январь-февралында экспорт 230 млн долларды түзүп, 2,4 %га көбөйдү. Бажы кызматында жүргүзүлгөн реформалар өзүнүн жыйынтыгын бере баштады. 2018-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен бажы төлөмдөрү 50%га, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 млрд сомго өстү. Анын ичинде пошлинасыз бажы төлөмдөрү – 82%га, же 2,5 млрд сомго өстү», — деп маалымдады ал.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, 2018-жылдын январь-март айы үчүн алдын-ала маалыматтар боюнча, республикалык бюджетке 31,6 млрд сом өлчөмүндөгү ресурс келип түшүп, 29,8 млрд сом суммасындагы чыгым болгон, натыйжада, кассалык айырма 1,8 млрд сомду түзгөн.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү