Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Өкмөт мүчөлөрү КР Жогорку Кеңешинин жыйынында ант беришти

25 Чын куран, 2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында ант беришти.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.

Төмөндө ант берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн тизмеси:

- Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

- Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

- Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

- Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

- Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр – Мурат Мукамбетов;

- Ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев;

- Юстиция министри – Айнур Абдылдаева;

- Финансы министри – Адылбек Касымалиев;

- Экономика министри – Олег Панкратов;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;

- Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;

- Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мирзахмедов;

- Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

- Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

- Маданият, маалымат жана туризм министри – Султанбек Жумагулов;

-Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Идрис Кадыркулов;

- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Эрлис Тердикбаев;

- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы– Уланбек Рыскулов;

- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү