Эсенкул Момункулов КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору кызматынан бошотулду

28 Бугу, 2018

Эсенкул Момункулов Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү