Дүйшөмбү шаарында КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документер каралып, аларга кол коюлду

1 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу (каалоо боюнча);

- Эркин тейлөө соодасы жөнүндө келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун төрагасынын маалыматы тууралуу;

- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу (2018-жылдын күзүндө Казакстан Республикасында өтөөрү күтүлүүдө).

Андан соң КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө Келишим жөнүндө»,

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жаатындагы Кызматташтык концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планы жөнүндө»

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн электрондук жана электротехникалык жабдуулардын таштандылары менен иш алып баруу жаатындагы кызматташтыгы тууралуу келишим жөнүндө»;

- «Мамлекет аралык стандартизация боюнча документтерди жайылтуу тууралуу келишим жөнүндө»;

- «1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштериндеги кызматташтык жана өз-ара көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө»;

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн 2020-жылга дейре Эл аралык инновациялык кызматташтык программасынын алкагындагы Мамлекет аралык инновациялык долбоорлорду жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана каржылоо тартиби жөнүндө»;

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн 2025-жылга чейинки кутурма оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттери жөнүндө;

- «КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржыланган Шериктештик органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн 2017-жылы документалдык ревизиялоонун жыйынтыктары жөнүндө»;

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин Съезди тууралуу жобо жөнүндө»;

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоору жөнүндө»;

- «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин Кеңешинин катчылыгы жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

- «Кадрдык дайындоолор жөнүндө: Аткаруу комитетинин Төрагасынын орун басары – Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруучу катчысы жөнүндө жана Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин төрагасы жөнүндө».

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү