ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна барды

8 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барды.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу салтанатына катышып, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы “Жийде-Бак” үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары ал Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушун көрүп чыгып, ошондой эле Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы жана Ат-Башы ГЭСинин иши менен жеринде таанышты.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү