КР ЖК Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети Премьер-министрдин Өкмөттүн 2017-жылдагы ишинин отчетун эске алды

12 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун берди.

Комитеттин жыйынынын жүрүшүндө Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети жыйындын жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин Өкмөттүн 2017-жылдагы ишинин отчетун эске алды.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү