Олег Горин КР мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп ээлеген кызматынан бошотулду

20 Кулжа, 2018

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу менен Горин Олег Вячеславович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү