Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ар кандай тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү – ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи

27 Теке, 2018

Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү интеграциялык биримдиктин негизи болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүнүн дагы бир өбөлгөсү болуп саналат.

«Санариптик күн тартиби кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калат. Анын максаты экономикалык процесстерге маалыматтык технологияларды киргизүү үчүн шарттарды түзүү. Кыргыз Республикасы өлкө жарандарынын жашоосунун бардык тармактарына алдыңкы маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган долбоорлорду жигердүү ишке ашырууну улантууда. Бул маселедеги биздин биргелешкен ишмердигибиз бириктирилген кадамдарды шайкештеп жана биримдиктин алкагында өз ара аракеттешүүлөрдүн бардык тармактарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы 2017-жылдагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын оң көлөмдүк көрсөткүчтөрүн белгилөө менен ырастагандай, экономиканын өсүүсүнүн жана туруктуу экономикалык өнүктүрүүнүн темптерин сактоо зарыл.

«Бүгүн биз жыйындын жүрүшүндө дагы бир маанилүү – «ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин техникалык каражаттарын колдонуу жана маалыматтык тутумдарын байланыштыруу менен ЕАЭБ бажы аймагы боюнча товарлардын транзитинин бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө» маселени карадык. Бул документтин контекстинде биздин өнөктөштөрдүн аймагы аркылуу товарлардын транзитинин тоскоолдуктарын мындан аркы четтетүүгө ишенебиз. Биз ар кандай чектөө чаралары өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө жана жалпы интеграциялык биримдикке терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз. Транзиттин эркиндиги – сооданын негизи болуп саналат. Киргизилген ар кандай чаралар бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө, кыйла татаал механизмдерди жоюуга жана товарлардын кыймылынын эркиндигин камсыздоого кошумча жолтоолорду алууга багытталышы керек деп санайбыз», – деп кошумчалады Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев айрыкча белгилегендей, навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөөнү киргизүү аркылуу биз транс чек аралык ташууларды жүргүзүүдөгү бардык башка процедураларды жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле бардык орун алган тоскоолдуктарды азайтууга жетишүүбүз керек.

«Көзөмөлдөө механизмдери өлкөнүн техникалык даярдыгын, ошондой эле жеке сектордун даярдыгын эске алуу менен синхрондоштурулуп жана баскыч-баскычы менен киргизилиши шарт. Ошону менен бирге тоскоолдуктар жана жолтоолор тууралуу айтууда Евразия экономикалык комиссиясына товарлардын кыймылындагы талаштуу кырдаалдарды ыкчам чечүү үчүн кошумча укуктарды берүү иштерин баштоо зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан ушул жылдын майында Сочиде Жогорку экономикалык кеңештин жыйынында айтылган. Комиссия Биримдиктин катышуучу-мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн көйгөйлүү маселелерди ыкчам жөнгө салууда активдүүлүк жана туруктуулук көрсөтүүсү керек деп эсептейбиз», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Сөз сүйлөө учурунда Премьер-министр Биримдиктин өлкөлөрүнүн бюджеттеринин ортосундагы ташып кирүү бажы алымдарын эсептөө жана бөлүштүрүү жөнүндө угулуп жаткан отчет тууралуу айтып жатып белгилегендей, учурда бөлүштүрүү ченемин эсептөө ыкмаларын жана мамилелерин иштеп чыгуу боюнча иштер улантылууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул иштин жүрүшүндө иштелип жаткан мамилелерге төмөнкү учурларды кошууга өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт:
- ИДП көрсөткүчтөрү төмөн өлкөлөр үчүн мындай мамлекеттердин бюджеттик туруктуулугу максатында кошумча «өнүгүү коэффициентин»;
- ЕАЭБдин ар бир мүчө-мамлекети боюнча эсептелген ички соода үчүн анын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен соодасынын жана үчүнчү өлкөлөр менен соодасынын пайыздык катышы катары сыйлыкты;
- мүчө-мамлекеттер тарабынан колдонулган ЕАЭБ ББТдан чыгаруу, ташып кирүү бажы алымдарын төлөө боюнча жекелештирилген, тарифтик жеңилдиктерди, ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШдан тышкары) товарларды импорттоонун “күзгүдөй” салыштыруу статистикасын.

Маалымдама: 2018-жылдын январь-майында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5% көбөйгөн.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү