Сазбаков Алмаз Замирбекович

16 Баш оона, 2018

Сазбаков Алмаз Замирбекович

1981-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.

Билими.  2012-ж. август – 2013-ж. декабрь – Джордж Мейсон атындагы университет, АКШ – Мамлекеттик саясат жаатындагы узак мөөнөттүү программа

2009-ж. октябрь – 2010-ж. август – Жогорку саясий изилдөөлөр Улуттук институту, Япония – Мамлекеттик саясат магистри, факультет: Өткөөл мезгил экономикасы

2005-ж. октябрь – 2007-ж. июль – Хитотсубаши Университети, Токио, Япония – JICA узак мөөнөттүү окутуу программасы, факультет: Экономика

1998-ж. август – 2002-ж. июнь – Кыргызстандагы Америка университети, Бишкек, Кыргызстан – Бизнес-башкаруу жаатында бакалавр, факультет: Менеджмент

Эмгек ишмердиги 

2018-жылдын июлунан тартып азыркы кезге чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдеги атайын өкүлү

2016-ж. апрелинен 2018-ж. июлуна чейин – Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары

2014-ж. августунан 2016-ж. апрелине чейин – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу  Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин директору

2013-ж. декабрынан 2014-ж. августуна чейин – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын начальниги

2011-ж. сентябрынан 2012-ж. августуна чейин – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестиция саясаты жана МЖӨ башкармалыгынын начальниги

2011-ж. май-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык анализ бөлүмүнүн эксперти

 2008-ж. март – 2011-ж. май – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестиция саясаты башкармалыгынын инвестицияларды илгерлетүү бөлүмүнүн начальниги

 2006-ж. сентябрь – 2008-ж. март – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетти баалоо боюнча башкармалыгынын алдыңкы адиси

 2004-ж. май – 2006-ж. сентябрь – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн алдынкы адиси