ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барды

13 Аяк оона, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 12-13-сентябрда эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барды.

Сапардын биринчи күнүндө Өкмөт башчы Ош облусундагы Чоң-Алай районунда бир катар орто мектептердин жана ооруканалардын ачылыш салтанаттарына катышты.

Мындан тышкары ал Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Алай районундагы «Перите Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасы менен таанышты.

Жумушчу сапардын экинчи күнүндө Премьер-министр Өзгөн жана Ноокат райондорунда мектептердин ачылыш салтанатына катышты, ошондой эле Он-Эки-Бел айылында жалпы билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. 

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү