Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы

24 Аяк оона, 2018

Осмонбетов Эмиль Кубатович

Бишкек шаарында 1967-жылы туулган.

Билими жогорку.  1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун геологиялык тартып алуу, пайдалуу кен тилкелерин иликтөө адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

05.1987-05.1987-жж. – Совет Армиясынын катарында кызмат өтөгөн

11.1987- 07.1988-жж. – Фрунзе политехникалык институту, лаборант

06.1989-10.1989-жж. – «Кыргызгеология» ӨБ геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы, практикадагы техник геолог

08.1990-09.1990-жж. – «Кыргызгеология» ӨБ. Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы. Окторкой ГИИ, Практикадагы 3-разряддагы жумушчу

08.1991-02.1992-жж. – «Кыргызгеология» ӨБ геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы. Геохимиялык отряд, геолог

02.1992-11.1992-жж. – «Кыргызгеология» ӨБ геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы. Мумие чогултуу жана Чагылган толкундар ыкмасын иликтөө боюнча геологиялык-иликтөө отряды, Отряддын начальниги

11.1992- 03.1994-жж. – Чүй облустук мамлекеттик администрациясы. Тоо-кен өндүрүү өнөр жайы боюнча бөлүм, Алдыңкы адис, башкы адис

03.1994-07.1996-жж. – Чүй облустук экономика, өнөр жай жана материалдык ресурстар башкармалыгы Башкы адис

07.1996-03.1998-жж. – Чүй облустук мамлекеттик администрациясы, Өнөр жай бөлүмү. Алдыңкы адис, башкы адис

04.1998-04.2000-жж. – Кыргыз тоо-металлургиялык институту. Илимий-окуу борбору, директор

04.2000-05.2003-жж. – Кыргыз тоо-металлургиялык институту, «Мамэкология» факультети, Факультеттин деканы

09.2006-05.2008-жж. – «Жерүй Алтын» ЖАК, геолог, башкы геолог

06.2008-04.2012-жж. – «Mineral resources Company» ЖЧК, Башкы директор

04.2012-03.2013-жж. – Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиги, Министрдин орун басары

2013 – 2016-жж. – «Mineral resources Company» ЖЧК, Башкы директор

2016-ж. – «Кыргызалтын» ААК, Директорлор кеңешинин мүчөсү

2018-жылдын сентябрь айынан тарта – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы