АЙДАРБЕКОВ Чыңгыз Азаматович

18 Тогуздун айы, 2018

АЙДАРБЕКОВ Чыңгыз Азаматович

1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болду.  2001-жылы – ошол эле университетинде “Юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура денгээли ыйгарылды. 

Эмгек ишмердиги

1998-ж. – Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгы, атташе

2001-2003-жж. – Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы Башкармалыгынын  үчүнчү, экинчи катчысы

2003-2005-жж. – Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Башкармалыгында биринчи  катчы.

2005-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү.

2008-ж. – Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча Бөлүмүнүн жетекчиси.

2008-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Туркмөнистандагы Элчилигинин кеӊешчиси.

2011-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

2012-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчиси.

2016-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси

2018-жылдын октябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри

Кошумча маалымат

Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси