Регламент жана Өкмөттүн чечимдерди чыгаруу секторунун башчысы

29 Тогуздун айы, 2018

ЭШЕНКУЛОВА Айгүл Сабырбековна

1965-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган.

Билими жогорку. 1989-жылы Абай атындагы Казак педагогикалык институтун «педагог-логопед» адистиги боюнча аяктаган, ал эми 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1989 – 1997-жж. -  Панфилов адистештирилген мектеп-интернаты, логопед;

1997-2000-жж. – Чүй-Токмок райондук соту, сот аткаруучусу;

2000 – 2004-жж. – Чүй райондук соту, консультант;

2004-2005-жж. -  Чүй райондук соту, канцеляриянын начальниги;

2005-2006-жж – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, алдыңкы адис;

2006-2007 – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, башкы адис;

04.2007 – 09.2007 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы, эксперт;

09.2007 – 09.2007 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, референт;

09.2007 – 05.2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, эксперт;

05.2008 – 06.2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, референт;

06.2008 – 2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, бөлүм башчынын орун басары рангындагы өкүлдүн орун басары;

11.2009 – 12.2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, туруктуу өкүлдүн орун басары;

2010 – 2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, эксперт;

03.2012 – 09.2012 г. -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, туруктуу өкүлдүн орун басары;

2012 – 2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү, эксперт;

 Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси