Тердикбаев Эрлис Джекшенович

29 Тогуздун айы, 2018

Тердикбаев Эрлис Джекшенович

1969-жылы 27-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата совхозунда туулган.

Билими жогорку. 1990-ж. - Алма-Ата жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайы,  2004-ж. – РФ КК Жалпы аскердик академиясы, 2014-ж. - РФ КК Генералдык штабынын Аскер академиясы

Эмгек жолу:

Аскер окуу жайын бүтүргөндөн кийин 1990-жылдын 27-июнунан баштап СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Закавказье аскер округунун мотоаткычтар взводунун командири кызматында кызматын баштаган.

1993-жылдан 2002-жылга чейин КР КК аскер бөлүктөрүндө мотоаткычтар ротасынын командири кызматынан баштап өзүнчө батальондун командири кызматына чейин офицердик кызматтарда кызмат өтөгөн.

2002-жылдан 2004-жылга чейин – РФ КК Жалпы аскердик академиясында угуучу

2004-жылдан 2012-жылга чейин – КР КК өзүнчө батальондун, бригаданын командири, Аскер институтунун башчысынын орун басары, Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын башчысы

2012-жылдан 2013-жылга чейин жана 2014-жылдан 2017-жылга чейин – Регионалдык командачылыктын кол башчысы

2017-жылдан 2018-жылга чейин – КР КК Кургактагы аскерлеринин кол башчысы кызматын ээлеген.

2018-жылдын 20-майынан тарта – КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы