Дубай шаарында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мекендештер менен жолугушту

30 Тогуздун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан Жашыл экономика боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу алкагында аталган мамлекеттин аймагында жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаровго мекендештердин жашоо-шарттары тууралуу маалымат берилди, андан соң көйгөйлүү маселелерге тийиштүү маектешүү орун алды.

Вице-премьер-министр бардык сунуштарды угуп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги жана Башкы консулчулугунун иши боюнча мекендештердин пикири менен таанышты.

Жалпысынан иш-чарага Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында убактылуу жашап жаткан 60 жакын мекендештерибиз катышты.

Белгилесек, жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулчулугу тарабынан мекендештер үчүн жергиликтүү алдыңкы юридикалык компаниянын тажрыйбалуу адвокаттарынын катышуусунда укуктук семинар уюштурулду.

         

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу