КОЧКОРОВ Улукбек Тойчубаевич

30 Тогуздун айы, 2018

ALI_6691КОЧКОРОВ Улукбек Тойчубаевич

1974-жылы Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган.

Билими жогорку. 1995-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин “Финансы жана кредит” бөлүмүн аяктаган. 2003-ж. — Кыргыз мамлекеттик университетинде «Укук таануу» адистиги боюнча окуган; 1997-ж. — КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жогорку курсунан даярдоодон өтүп, 2001-жылы РФ ФКК Академиясына квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн.

Эмгек жолу:

1995-ж. – Бишкек шаардык Свердлов районунун райондук финансы бөлүмү, бюджет боюнча алдынкы адис;

1995-1997-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика министрлиги, алдынкы адис;

1997-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн;

2009-2010-жж. — Кыргызстандын Салык жана салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;

2011-2015-жж. — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2018-ж. — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.