Талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы

31 Тогуздун айы, 2018

СКОБЕЕВ Егор Леонидович

1978-жылы туулган.

Билими жогорку. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын (юриспруденция), 2008-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин (менеджмент – бакалавр), 2010-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин (менеджмент – магистр), 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын (мамлекеттик башкаруу) аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

1995-жылы ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган.

Кызмат учурунда – тергөөчү, ага тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, улук офицер, бөлүм начальниги кызматтарын ээлеген.

2005-жылы – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги кызматында калуу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына командировкаланган.

2007-жылы – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги кызматында калуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүндө референт

2008-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу

2009 -2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы, Эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын улуттук коопсуздук тобунун жетекчиси

2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонууну камсыздоо бөлүмү, маалыматтык-аналитикалык камсыздоо секторунун башчысы, бөлүм башчынын орун басары

2012-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, инспектор

2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, башкы эксперт, укуктук камсыздоо секторунун башчысы

2016-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети, консультант

2018-ж. апрелинен тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы

Кошумча маалымат

Милициянын полковниги жана 1-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык чинине ээ.