Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин күчтөндүрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин көзөмөлдөдү.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында транспорттук көзөмөлдү жана товарларды эсепке алууну камсыздоо боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтому аркылуу жогорудагы убактылуу пункттарды орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган, алар учурда өлкөнүн төрт көзөмөл-өтөрүү пунтунда:  «Чоң-Капка автожол», «Чалдыбар автожол», «Ак-Тилек автожол» жана «Ак-Жол автожол» пунктунда иш алып барууда.

Вице-премьер-министрге МСК, ЭККМК жана ЖККББ кызматкерлеринен куралган аймактык мобилдик топ тарабынан мыйзамсыз товар киргизүү фактыларынын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товарларды ташуу боюнча талаптардын бузулушунун алдын алуу боюнча  күнү-түнү көзөмөлдөө-ыкчам жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы туралуу маалымат берилди.

Жеңиш Разаков товарларды эсепке алуунун айкындуулугун жогорулатуунун маанилүү экендигин баса белгиледи, буга байланыштуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүктөрдү фиксациялоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, аймактык мобилдик топко мыйзамсыз товарларды киргизүү менен алектенген жактарга карата катаал чараларды көрүү тапшырылды.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=125552