Экономика жана инвестициялар бөлүмү

12 Жетинин айы, 2018

Орозбеков Алымбек Асылбекович

1982-жылы 25-сентябрда туулган.

Жогорку билимдүү. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык байланыш бөлүмүн аяктаган. 2011-жылы Япониядагы Кобе Мамлекеттик университетинде билим алган.

Эмгек жолу:

2005-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Эл аралык байланыш бөлүмү, жетектөөчү адис.

2008-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын алдындагы актыларды которуу жана чыгаруу сектору, референт.

03.10.2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, саясат жана инвестицияларды илгерилетүү бөлүмү, бөлүм башчынын убактылуу милдетин аткаруучу

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, инвестициялар башкармалыгы, эксперт

2013-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, инвестиция жана МЖӨ башкармалыгынын донордук жардамды координациялоо бөлүмү, бөлүм башчы, башкармалыктын жетекчиси

2015-2016-жж. – Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин инвестиция жана МЖӨ башкармалыгы, башкармалыктын жетекчиси.

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министирлиги, астындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттиги, директору

2017-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, төраганын орун басары

2018-жылдын ноябрь айынан баштап – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, бөлүм башчы.