Тажикстан Премьер-министри Кохир Расулзода Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады

31 Бештин айы, 2018

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады.

«Тажикстан Республикасында Кыргыз Республикасы менен жетишилген өз ара кызматташтык деңгээлин жогору баалашат. Биздин өз ара сый жана ишенимге негизделген жемиштүү жана достук байланыштар мындан ары да кеңейет жана өлкөлөрүбүздүн бакубатчылыгы үчүн бекемделе берет деп ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү