Беларусиянын Премьер-министри Сергей Румас Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады

31 Бештин айы, 2018

Беларусия Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады.

Куттуктоодо төмөнкүдөй белгиленет:

«Биргелешкен аракеттер аркылуу өтүп бара жаткан жылы беларус-кыргыз мамилелери көп багыттуу ырааттуулукта өстү. Эки жактуу жемиштүү өз ара алакалар мындан ары да биздин мамлекеттердин гүлдөп өнүгүүсү үчүн активдүү өнүгөрүнө ишенем».

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү