2019-2023-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

2 Бирдин айы, 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Программада жана Иш-чаралар планында туристтик тармакты өнүктүрүүнүн локомотиви катары саналган өлкө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, Программада өлкөнүн артыкчылыктуу саналган жаратылыш жана тарахый-маданий обьектилеринин картасы чагылдырылган, алар атамекендик туризмди өнүктүрүү боюнча негизги түйүндөрдөн болуусу тийиш.

Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 47 пункт камтылган, алардын тийиштүү түрдө аткарылышы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармагы катары саналган туристтик секторду өнүктүрүүнү күчтөндүрүүгө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү