Өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысынын орун басары

19 Бирдин айы, 2019

СЕРГЕЕВА Наталья Дмитриевна

1978-жылы 22-сентябрда Россия Федерациясынын Тюмень облусунун Бердюжье айылында туулган.

Билими жогорку. 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

2001-ж. – «Adviser» АТАК, юрист консультант

2001-2002-ж. –  «Diva Style Design Project» ЖЧК, юрист консультант

2002-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишмердиги боюнча Борбордун – Башкы башкармалыгынын мыйзам долбоорлоо ишмердигин координациялоо бөлүмү, алдынкы адиси, башкы адиси

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишмердиги боюнча Борбор, директордун орун басары

2011-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмү

2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн экспертиза сектору, башкы эксперт

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, башкы эксперт

2017-жылдын апрель-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, эксперт

2017-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, эксперт

2019-жылдын февралынан бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысынын орун басары

Кошумча маалымат:

I класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси, юстициянын мыктысы.