Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

17 Жалган куран, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2002-жылы Аксы окуясы учурунда курман болгондорду эскерди.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы
2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган Монументке гүлчамбар койду.

Курман болгондор эскерилип, куран окутулду.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу