Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

10 Чын куран, 2019

МАДУМАРОВ Акрам Камбаралиевич

1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Дебе айылында туулган.

Билими жогорку. 1999-жылы Кыргыз агрардык университетин «ветеринар» адистиги боюнча аяктаган, биология илимдеринин кандидаты.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1995 – 2005-жж. – Кыргыз агрардык университети, ассистент, улук окутуучу;

2006 – 2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, референт;

2008 – 2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, директордун орун басары;

2009 – 01. 2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, бөлүм башчы;

01.2013 – 04.2013-ж. – Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, акимдин милдетин аткаруучу;

06.2017 – 09.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Аппарат Жетекчинин биринчи орун басары;

09.2017 – 04.2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, директор;

04.2019-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 1 класстагы кеңешчиси