ФОТОРЕПОРТАЖ – Парламенттик көпчүлүк коалициясы КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун канааттандырарлык деп тааныды

12 Чын куран, 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун канааттандырарлык деп тааныды.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү баяндама жасады.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны суроо-жооп түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө Өкмөттүн мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери өз багыттары боюнча тийиштүү маалыматтарды беришти.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү