Биринчи вице-премьер-министр биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу алгачкы ишкананы тез арада ишке киргизүүгө аракеттешүүнү тапшырды

22 Чын куран, 2019

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек
ЭЭА аймагындагы «Тан Дем» ЖЧКсынын биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу заводунун
курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ишкананын директору ишке ашырылып жаткан долбоорлор, иштин жүрүшү жана жалпы
технологиялык процесс тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, курулуп жаткан ишкана 60,000 чарчы метр аянтты ээлейт, анда биметаллдык
алюминий радиоторлорду чыгаруучу завод жана кошумча имараттар жайгаштырылат.
Учурда куюучу, ээритүүчү, механикалык жана боёочу цехтердин, ошондой эле административдик
имараттын курулуштары аяктаган жана техникалык ишке берүү жүргүзүлгөн.

Биринчи баскычта кубаттуулугу 7 млн даана болгон линияны ишке киргизүү пландалууда.
Заводдун долбоордук кубаттуулугу 22 млн даана алюминий радиотору болсо, ал эми иш менен камсыз
кылуу 400-500 адамды түзөт.

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Өкмөт чет элдик инвесторлордун
ишмердигин жогору баалайт жана өлкөгө инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу жана болушунча
ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлөгү ишкерлердин жана инвесторлодун
ишмердигине ыңгайлуу болуп саналат. Буга байланыштуу биз чет элдик компаниялар менен мындан
ары карай өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө ишенебиз жана өкмөттүк деңгээлде зарыл колдоону
көрсөтүүгө даярдык билдиребиз»,
- деп белгиледи ал.

Кубатбек Боронов белгилегендей, бул долбоор биметаллдык алюминий радиоторлорду
чыгаруу боюнча өлкөдө алгачкы болуп саналат, ал келечекте жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн
рыногун продукция менен камсыздай алат.

Мындан улам биринчи вице-премьер-министр тармактык министрликтердин жана ведомстволордун
жетекчилерине аталган ишкананы тез арада ишке киргизүүгө байланыштуу маселелерди чечүүгө
ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү