КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү

22 Чын куран, 2019

Каныбек Калбаевич Ботобаев

Ботобаев Каныбек Калбаевич 1962-жылы 2-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. 1989-жылы Москва Жерге жайгаштыруу инженерлер институтун аяктаган. Эмгек жолун 1979-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак совхозунда баштаган.

1990-жылдары жер жайгаштыруу боюнча Жалал-абад облустук комитеттин бөлүм башчысы болгон.

1999-жылдан 2004-жылга чейин Жалал-Абад аймактык кыймылсыз жана жер ресурстары боюнча борборунун директору болуп иштеген.

2004-2005-жылдары «Кыргызмамжердолбоорлоо» МДИ МИ караштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Түштүк аймактык бөлүмүн жетектеген.

2013-жылдан 2019-жылдын апрелине чейин аталган мамлекеттик ишканада директордун орун басары болуп иштеп келген.

2019-жылдын апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү.