Фоторепортаж – Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны аяктады

30 Чын куран, 2019

Бүгүн, 30-апрелде, Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

 

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү