Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүштү

16 Бугу, 2019

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстан Респуликасынын аймагында өтөрү күтүлүүдө.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү