КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары

11 Кулжа, 2019

КАЛМУРАТОВ Бакыт Турганбаевич

1987-жылы 19-июлда туулган. Жогорку билимдүү. 2007-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин «менеджмент» адистиги боюнча, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү

2008-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, алдынкы адис

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгы, башкы адис

2011-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, башкы адис

2013-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору, директордун орун басары

2015-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, коррупция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

2017-ж. янв.-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты,  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси

2018-ж. март-апрель – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты,   Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчисинин жардамчысы

2018-ж. апр.-июнь – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси – топтун жетекчиси

2018-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Камсыздоо тобунун жетекчиси

2019-жылдын майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары