Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

11 Кулжа, 2019

НАМАЗАЛИЕВ Алтынбек Абдисаламович

1981-жылы 17-майда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 2003-жылы жарандык укук жана процесс кафедрасында окутуучу катары баштаган.

02.200-ж. – 11.2005-ж. – Бишкек шаардык Биринчи май райондук прокуратурасы, стажер;

11.2005-ж. – 02.2006-ж. – Бишкек шаардык Прокуратурасы, стажер;

02.2006-ж.  – 04.2007-ж. – Бишкек шаардык Прокуратурасы, прокурор;

04.2007-ж. – 03.2011-ж. – Бишкек шаардык Прокуратурасы, тергөөчү, бөлүм начальниги;

05.2012-ж. – 09.2014-ж. – Чүй облусунун Чүй районунун прокуратурасы, прокурордун орун басары;

09.2016-ж.  – 12.2016-ж. – Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасы, прокурордун орун басары;

2017-ж. – «Юргарант» ЖЧКсы, аткаруучу директор;

06.2018-ж. – 06.2019-ж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким;

2019-жылдын июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.