Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

12 Кулжа, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Монголиянын Президенти Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү