Ирандын Президенти Хасан Рухани Кыргызстанга келди

13 Кулжа, 2019

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Ирандын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү