Алтынай Өмүрбекова: Сиз дагы чоң ийгиликтерге жетишесиз деп ишенебиз

22 Кулжа, 2019

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдынкы солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды. Ал атамекендик хореографиянын тарыхында классикалык, заманбап сахналык жана элдик-сахналык хореографиянын DANCEMOSСOW эл аралык сынагында биринчи жолу 1 орунду ээлеген.

Алтынай Өмүрбекова Фарух Садыркуловду белгилүү сынактагы жеңиши менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан 50 миң сом тапшырды.

«Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу мындай деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды. Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу эл аралык мейкиндикте ийгиликке жетише турган башка жаштарыбыз үчүн үлгү жана дем болот», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр эске салгандай, маданият жана искусствонун көп тармактарында кыз-жигиттерибиз күч-аракет жумшап, эл аралык сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн атагын чыгарышууда.

«Чоң жеңиштер али алдыда деп ишенем, силер зор ийгиликтерге жетишесиңер. Кыйынчылыктарга карабастан, силерди колдоп жана жардам көрсөткөн ата-энелериңерге ыраазычылык. Силер дагы зор ийгиликтерге жетишип, эл пралык деңгээлде тааныласыңар деп ишенебиз. Ошону менен бирге белгилей кетсем, Өкмөт маданият жана искусство кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деп кошумчалады ал.

Фарух Садыркулов вице-премьер-министрге көңүл буруусуна ыраазычылык билдирип, коомчулуктун жана мамлекеттин колдоосу ал үчүн маанилүү экендигин жана жаңы жеңиштерге дем берерин белгиледи.

«Эми мындан дагы көбүрөөк аракет кыла баштайм. Балам, сынактарга катыш, өзүңө ишен, ийгиликтерге жетиш, деп атам көп айтат», – деди Фарух Садыркулов.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү