Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин Реестри бекитилди

6 Теке, 2019

Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республиксынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык жана ушуш негизде мамлекеттик маанидеги жер казынасынын бөлүктөрүнүн Реестрин бекитүү чечими кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимдин негизинде конкурска коюлган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине конкурс өткөзөрдө, айлана-чөйрөнөнү коргоо мыйзамдарын ченемдерин сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясында “Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси” түшүнүгү алынып, анын ордун “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын бөлүктөрүнүн реестри” алмаштырган.

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-пунктуна ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт жана бекитет, ошондой эле реестр жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин бурчтук чекиттеринин координаттарын милдеттүү тартипте камтууга тийиш.

Жайгашкан жери бизди кызыктырган картадагы чекиттери координаттардын жардамы менен аныкталат. Карта боюнча жерлердин координаттык чекиттерин географиялык координаттарды пайдаланат. Географиялык координаттар бурчтук чоңдуктарды билдирет (кеңдикти жана узундукту), бул экваторго жана меридианга салыштырмалуу башкы деп кабыл алынган жер бетиндеги чекиттин ордун аныктайт.

 

Кыргыз Республикасынын

Аппаратынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү