«Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү

8 Теке, 2019

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында «Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим санариптик трансформация боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн мүмкүнчүлүтөрдү түзүү максатында кабыл алынды.

«Укук» мамлекеттик ишканасы укук коргоо органдары, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын, чек аралык контролдоо, өрт жана радиациялык коопсуздук маселелерин тейлеген органдар, ошондой эле миграция органдары үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана аларды коштоону ишке ашырат.

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасы саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн  маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоосун камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын

Аппаратынын Өкмөтүнүн

маалыматтык камсыздоо бөлүмү