Фоторепортаж – Казакстандын Премьер-министри Аскар Маминдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары

12 Теке, 2019

Бүгүн, 12-июлда, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтүп, эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта болду.

Жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелер каралды.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Казакстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Аппаратынын Өкмөтүнүн

маалыматтык камсыздоо бөлүмү