Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди

1 Баш оона, 2019

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү