Өзбекстандын Премьер-министринин Кыргызстанга сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

1 Баш оона, 2019

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргыз Республикасына жумуш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өсүмдүктөр карантини чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишим;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө 2017-жылдын 5-октябрындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба чөйрөсүндө орто мөөнөттүү келечекте эки жактуу кызматташууну активдештирүү боюнча иш-чаралар планы.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү