Чолпон-Ата шаарында ЕӨАК кезектеги жыйыны тар чөйрөдө өтүп жатат

9 Баш оона, 2019

Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар курамда өтүп жатат.

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларын Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгы жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктап, бүгүнкү жыйынды Кыргыз Республикасында өткөрүү сунушун кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү