Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады

11 Баш оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман мусулмандардын Курман айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Ыйык Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары аруу сезим, келечекке болгон илгери үмүт менен тосуп алышат.

Бул майрам элдерди ырайымдуулукка жана боорукерликке, ынтымакка жана сабырдуулукка үндөп, кайрымдуу болууга чакырат.

Меккеге аттанышкан мекендештерибиздин ажылыктары кабыл болуп, аманчылыкта кайтып келишсин, ойлогон ыйык максаттары ишке ашуусуна тилектешпиз.

Өлкөбүздүн бүгүнкүсү жана эртеңки келечеги үчүн элибиздин ынтымагы жана бейпилчилиги өзгөчө мааниге ээ жана баарынан кымбат. Биздин республикада бардык диний маданияттарга, салттарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасалат. Кыргызстан элдеринин ортосундагы мындай сый карым-катнаштар – көп улуттуу мекенибиздин татыктуу жашоосунун жана гүлдөп өсүшүнүн башкы шарты экендигине терең ишенем.

Ыйык рамазан айында өлкөбүздө тынчтык жана биримдик, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жылуулук жана боорукерлик болсун.

Бардык кыргызстандыктарга чың ден соолук, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм!», – деп айтылат куттуктоодо.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү